УЛУТТАР УЮМУ ЖАНА АКШ ГУАНТАНАМО БОЮНЧА АРАЗДАШУУДА

Кошмо Штаттар террорчу деп шектелген чет өлкөлүк жарандар үчүн Кубанын Гуантанамо аралында уюштурган түрмөгө байланыштуу Вашингтон менен Улуттар уюмунун кайым айтышуусу күчөөдө. БУУнун башкатчысы Кофи Аннан ал түрмөнү жакын арада жабуу керек деп эсептейт. Ал эми Кошмо штаттар БУУнун Гуантанамо боюнча жаңы жарыяланган докладын эски кептерди эле кайра эске салгандык катары баалап, аны жабуу жөнүндөгү чакырыктарды четке какты.
БУУнун башкатчсы Кофи Аннан Гуантанамо боюнча жаңы жарыяланган отчетко байланыштуу анда айтылгандардын баарына эле макул эместигин, бирок Кошмо Штаттар бул лагерди жабышы керек деген тыянакты колдоорун билдирди. Кофи Аннандын айтымында, абактагы адамдарды айып койбостон кармоо жарабайт:

-Айып абактагылардын баарына коюлушу керек. Аларга өз аракеттерин түшүндүрүү мүмкүнчүлгүн берүү зарыл, андан кийин жазалоо же бошотуу керек. Менимче баары кадимки жол менен – мыйзамдын чегинде чечилүүсү абзел. Эртеби , кечпи Гуантанамодогу түрмөнү жабуу зарыл.

Гуантанамо боюнча соңку отчет БУУнун Адам укуктары комиссиясына иштеген көз карандысыз эксперттер тарабынан соңку бир жарым жылдын аралыгында даярдалган. Доклад 16- февралда жарыяланды. Анда башка маселер менен катар тергөөчүлөр абактагыларды кыйноо практикасын колдонору, аларды жылаңачтап жана жалгыздап адам чыдагыс температурадагы камерларда кармаган, иттер менен коркуткан учурлар бар экени айтылган.

Вашингтон өз тарабынан отчетто келтирилген ырастоолорду четке какты. Ак үйдүн өкүлү Скотт Макллеландын айтымында аны даярдагандар жагдай менен жакшы кабардар эмес:

- Улуттар уюмунун тобу бул маселени Гуантанамого барбастан туруп эле изилдеген. Алар жериндеги жагдайды көргөн эмес. Конгресстин ушул маселени көзөмөлдөгөн лидерлерине берилгендей шартта кирүү мүмкүнчүлүгү аларга да сунуш кылынган. Бирок алар баруудан баш тартышкан.

Гуантанамодо камакта отургандарга жолугушуу - БУУнун жаңы отчетунда айтылгандарга байланыштуу АКШ менен уюмдун кайым айтышуусунун өзөгүн түзгөн маселе.

БУУнун эксперттери Гуантанамодогуларга жолугуу үчүн уруксат алууга 2004-жылдын ортосунан тарта эле кирише баштаган. Вашингтон буга былтыр жыл соңунда көнүп, алар түрмөдөгү турмуш - шарт менен гана таанышарын, бирок абактагылар менен маектеше албасын билдирген. БУУнун эксперттери мындай шартты kабыл алган эмес.

Мунун ордуна алар отчетун Британия, Франция, Испаниянын Гуантанамодо олтуруп, кийинчерээк бошонуп чыккан жарандары, азыр абакта олтургандардын адвокаттары, басма сөз менен бейөкмөт уюмдардын маалыматтарынын негизинде даярдашкан.

Докладдын авторлорунун бири, БУУнун кыйноону алдын алуу боюнча атайын өкүлү Манфред Новактын айтымында, алар иликтөө учурунда Гуантанамо боюнча эң башкы суроого жоопту уга алган.

Изилдөөчүлөр ириде адамдар мыйзамдуубу же мыйзамсыз олтурабы деген суроого көңүл бурушкан жана алар мыйзамсыз кармалууда деген жыйынтык болду.

Азыр Гуантанамодогу түрмөдө 500 дөй адам кармалууда. Көпчүлүгү 2001 –жылдын соңу, 2002-жылдын башында Ооганстанда Талибан режими кулаган соң туткундалгандар. Арасында акыркы төрт жыл ичиндеги антитеррордук операция учурунда кармалгандар да бар.