Б. Эркинбаевдин өлүмүнө байланыштуу ишти сот карап баштады

БИШКЕК. Свердлов райондук соту 16-февралда Баяман Эркинбаевди өлтүргөн деп айыпталып жаткан Сабыр Батыров менен Махмуджан Рузиметовдун үстүнөн козголгон кылмыш ишти карап баштады. Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаев өткөн жылы 21-сентябрда Бишкектеги үйүнүн алдында атылып өлтүрүлгөн. Улуттук коопсуздук кызматынын жүргүзгөн тергөөсүнүн натыйжасында Батыров, Рузиметов жана Абалаевге депутатты өлтүргөн деп айып коюлган эле. Абалаев карматпай качып жүрөт, ага издөө жарыяланган.