ОРУСИЯГА КУШ ТУМООСУ КАЙТЫП КЕЛДИ

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусияга куштардын сасык тумоосу кайтып келгени кеп боло баштады. Бул жолу ал илдет Дагстан жумуриятынан жолуккан.

Чукул кырдаал министрлигинин жергиликтүү бөлүгү таркаткан маалыматта бир эле Шамхал кыштагындагы тоок фабрикада кырылган тоок эсеби 40 миңден ашкан. Муну дагстандык мал доктурлар комитети үй канаттуулар кырылышы жандыктарга тийүүчү жалган чумадан улам болду дешкен. Ал жумуриятта үй канаттууларынын кырылышы мурдагы аптада баштаган жана алардын анализи чыга элек болгон. Биздин кабарчынын бейшембиде маалымдашынча, ал илдет H5N1 штаммы болуп чыккан.

Орусияга куш тумоосу кайтып келгени анык болду дешет. Кеткен аптанын этегинде, так айтканда, бир эле ишемби күнү Дагстан ордо калаасынын кыйырында жайгашкан Шамхал кыштагындагы тоок өндүрүү фабрикадан 4 миң тоок кырылган. Ал туурасында Чукул кырдаалдар министрлигинин Түштүк аймагы боюнча бөлүгү билдирген. Агенттиктер жазганга караганда, ал фабрикада канаттуунун кырылуусу мурдатаракта эле башталган, бирок ал туурасында фабрикадагы 275 миң мекияндын 42 миңи кырылгандан соң гана аны ачыкка чыгарууга аргасыз болушкан. Жумурият мал доктуру комитети аларды жалган чума илдетинен улам болуп атат деп тил эмизип келгенин айтышат. Кеп ачыкка чыга баштаганда кыргынга учураган мекияндар этин Маскөө менен Санкт Петербургдагы лабораториялардан текшертишкен. Анын жыйынтыгы кандай болгондугун 16 февралда «Азаттыктын» Дагстандагы кабарчысы Тимур Салимов билдирди:

«Лабораториялык текшерүүлөрдөр кийин ал куштар H5N1 штаммынан улам кырылышканын Махачкалада жумурият мал доктурунун орун басары Николай Власов маалымдады», - деди биздин кабарчы.

Дагстан өкмөтүнүн алдындагы мал доктурлар комитетинин башчысы Зайдин Жамбулатов айтканга караганда, бул илдет келгин куштар ала келүүчү дарт. Ошол эле учурда, ал: «жайы кышы гана эмес күнү түнү фабриканын короосунан эч жакка чыкпачу – келгин куштар менен эч убакта жанашпачу - тоокторго ал дарт кандайча жугат?» - деген суроого жооп бере алган эмес.

Былтыркы жылы канча жолу, быйылкы жылы кайра да каптап келген куш тумоосуна орусиялык башкы бийлик көрдүм кароодо. Бирок жер-жерлерде ага элеңдей караган жетекчилер маалым болуда. Маселен, Ом облусунун губернатору коопсуздук кеңешин чакырып анын күн тартибине бул маселени койдурткан. Куштар тумоосуна азык-түлүк маселесиндеги өксүк катары эле карабай өлкөнүн калкы андан кандай сактанышы керектигин талкууга алган деп жазышат. Ом облусу боюнча башкы мамлекеттик мал доктур Юрий Ерофеев айтканга караганда өлкөнүн жарандарынын 75-80 пайызы эмделүүгө зарыл:

«Алардын 500 миңге чукулу федералдык каражат эсебинен жана ошончо эле эсептегиси регионалдык каражат эсебинен эмделүүгө тийиш», - деген.

Мындан үч жыл мурда алгач ирээт жаңы түшүнүк болуп оозго кирген куш тумоосу азыр жер жүзүнөн үзбөй кезиге баштаганын анализчилер белгилешет. Ушул күндөрү H5N1 штаммы Алмания, Австрия, Италия, Греция жана Болгариядан табылды. Саал мурдараакта, Нигериядан табылган. Рейтер агенттиги бүгүн, б.а. 16 февралда: «ирактык Мейсан провинциясында куш тумоосу жайылып баратканга байланыштуу үч районго санитардык режими киргизгенин» белгилеп кабар таркатты.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму таркаткан маалыматка караганда, 2003 жылдан б.а. бул илдет таанылгандан бери ал дарттан 90 киши көз жумган. Бир жери ал дарттын кантип куштан кишиге жугаары жана ал жуккан кишини кантип айыктыручу дабасы эмдигиче табыла элек.