Мусулман өлкөлөрүндө нааразылыктар уланууда

Пакистанда аламан жыйынга чыккандар полиция менен кагылышып, үч киши набыт болуп,45и жабыркады. Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу Мукамбет пайгамбарды такмазалаган тамаша сүрөттөргө байланыштуу зобун-зомбулуктарды сынга алды. Ошол эле учурда ал сөз эркиндиги мыйзамда аныкталган эрежелерде чектеле турганын да белгиледи. Бу маселеге байланыштуу Евросоюздун жогорку даражалуу өкүлү Хавер Солана Жакынкы Чыгыштагы сапарын Амманда аяктады.