Грузин парламенти россиялык бейпилдик күчтөрүн чыгарууну талап кылды

Бул чечимди депутаттар бир добуштан колдошту. Грузин-осетин аймагындагы орус аскер бөлүктөрүн парламент эл аралык бейпилдик контингенти менен алмаштыруу зарыл деп эсептейт. Мунун алдында түштүк Осетияга жагдай менен таанышканы орус думасынын депутаттар тобу келген эле.