Кыргызстан тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун Түркияга сапары уланууда

Сапар учурунда министр Түркиянын вице-премьер-миинистри Абдулла Гүл, ишкерлер менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу Аликбек Жекшенкулов «Азаттыкка» телефон аркылуу билдирди. Анын маалыматына караганда, президент Курманбек Бакиевдин Түркияга сапары 27-февралга белгиленип жатат. Анын учурунда түрк мамлекетинин бардык жетекчилери менен жолугушуулар болуп, сүйлөшүүлөр жүргүзүлмөкчү.