Глобалдашып бараткан дүйнөдөгү ислам баалуулуктарынын орду кандай? Мусулман өлкөлөрүндөгү жанкечтилик менен жаалданган нааразылыктардын тамыры кайдан чыгат? Мына ушул суроолордун тегерегинде исламдын эларалык мамиле-катнаштардагы ордуна арналган эларалык илимий жыйын катышуучулары ой жүгүртүштү.
Даниянын эркин гезиттеринин тамаша сүрөттөрү ислам дүйнөсүнда кандай нааразылыктарды жаратканын ошол эле маалымдоо каражаттары жаамы дүйнөгө жарыя кылбадыбы. Азербайжандагы Ислам университетинин илимпозу Равшан Ибрагимовдун ырасташынча, ислам динине байланыштырылып келаткан нааразылыктардын көбү глобалдашууга каршы туруунун акыркы аргасы катары чыгууда:
- 2001-жылдын сентябрындагы окуялар, Лондондогу, башка жерлердеги окуялар исламчыл мүнөзгө караганда глобалдашууга көбүрөөк каршы тургандыгы менен айырмаланат. Башкача айтканда, бул дүйнөдө болуп жаткандарга каршы туруу аракети, дүйнөдө болуп аткан процесстерге исламга мүнөздүү болбогон ыкма менен айбат көрсөтүүнүн амалы. Террорчулук, каршы туруунун башкача жолдору колдонулууда. Бул жерде ислам дүйнөсүндө «дүрт» этип тез жанып чыккан окуяларды эске алып жатабыз.
Ыкчам өзгөрүлүп, глобалдашуунун кучагына кирген ислам дүйнөсү каршылык көрсөтүүнүн динге дегеле коошпогон жолун тандап алганы илимий жыйында көп белгиленди. Болгариялык илимпоз Татьяна Дронзина өз жанын өзү кыюуга кайыл болгон жанкечти зайыптардын – шахиддердин тарыхын иликтейт. Анын айтымында, ак жоолукчандар тарабынан жасалган террордук аракеттин жаңырыгы жандуу чыгат, көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурат.
- Мен алардын өз жанын кыюу менен өзгөлөрдү кошо өлтүргөнүн билип туруп эле киши өлтүргүчтөр деп атабай, «Жихаддын резервдеги аскерлери» деп жаздым. Аялдардын жанкечтилиги жалгыз эле исламда деп айтыш туура эмес. Европада деле андай иштер болгон. Италиядагы «кызыл бригадачылардын», Германиядагы Ульрике Баденхофту эстейли,- дейт Татьяна Дронзина.
Коомдук шарт-жагдайга каршылык билдирүүнүн акыркы аргасына өтүү Палестин жергесинде, жакынкы жылдардан бери Чеченстанда ишке ашырылып келатат. Татьяна Дронзина мындай амалга 2003-жылы өзбекстандык келин барууга аргасыз болгонун мисалга тартты.
- Билесиз го, 2003-жылы Өзбекстанда бир аял өзүн-өзү жардырып ийди. Мени абыдан кооптонткон маселе ал зайыптын жогорку билимдүү, 6 тил билгендиги болду. Үй-бүлөсү да интеллигенттерден экен. Анан да бул жерде жашагандардын кыйласынан айырмаланып өз жанын кыйган аялдын машине айдоо күбөлүгү да бар экен. Замандын билимдүү адамы болуп аткан окуяларга тигинтип мамилесин билдирип отурат.
Илимий жыйында кийинки жылдары ислам дүйнөсүндө болуп жаткан окуялар, процесстердин себеп-жөнү тууралуу кенен-кесир сөз болду. Лондондогу Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия институтунун жетекчиси Ширин Акинердин ырасташынча, постсоветтик Борбор Азиянын калкы коммунисттик идеологиядан айрылган соң ислам дүйнөсүнөн колдоо издеп, динге өзгөчө үмүт артууда.
- Адамдар коммунизмден айрылып, идеологиясын жоготуп, башка нерсени издей башташты. Ислам аларга үмүт гана байлабастан, турмушка багыт берет,- деп айтты Ширин Акинер.
Кыргызстандын толук ыйгарым укуктуу элчиси Марат Саралинов калк арасында исламды жерүүчүлүк жок, бирок да анын атына жамынып алып жасалып жаткан динге кошпогон иштер ишенимге доо келтирүүдө деген пикирде.
- Алдагыдай бузукулуктардын айынан ислам деген түшүнүктүн өзү жаманатты болууда. Бул туура эмес.
Илимий жыйында ислам баалуулуктарын калыс, туура түшүндүрүү, аны аркыл бурмалоолордон сактоо зарылдыгы баса белгиленди. «Чала молдо дин бузар» болбош үчүн бул маселени илимий өңүттө терең иликтөө керектиги айтылды. Бул жагынан Кыргызстанда аткарылчу иштер толтура.