Жогорку Кеңештин жетекчилигинин кызматтан кетүү чечимине келишине парламенттик көпчүлүктүн азыркы бийликтин саясаты менен келише албастыгы себеп болду. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев дүйшөмбүдө коомчулукка тараткан баяндамасында ушундай көз карашын билдирип, президенттин дарегине айткан сөзүн шылтоо катары белгиледи. Бирок, айрым талдоочулар төраганын кызматтан кетишине башка жол менен актоого мүмкүн болбогон одоно катачылык себеп болгонун белгилешүүдө.
Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев Президент Курманбек Бакиевдин 3-февралда парламентте сүйлөгөн сөзүнө жооп даярдап, аны жарыялоону дароо убада кылганы бар. Бирок, президенттин дарегине айткан сөзү анын кызматтан кетишин шарттап, парламентте күтүүсүз жагдай түзүлдү. Бирок, Текебаев баяндамасында белгилегенге караганда, ал мазмундук жактан ката кетирген эмес. Анын өз оюн туура эмес формада айтып алышы парламентте ушундай жагдай түзүлүшүнө шылтоо болуп берди. Эрктин жоктугу, мыйзамсыздыкка жол берүү, кыйынчылыктан оолактоо өңдүү көрүнүштөргө ээ бүгүнкү бийликтин саясатына парламенттик көпчүлүк макул эмес деп айтылат баяндамада. Төраганын оюнда, ал жетектеген парламент башынан бери стабилдүүлүк үчүн жан үрөп, жеңишке жетти, өлкө үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү, ачык-айкын бийлик бутагына айланды жана бул айрым адамдарда кызганычты жаратты. Бул оюн айтууда төрага президенттин парламенттеги сын-пикирин кыйыр келтире кеткен.
3-февралда Курманбек Бакиев парламентти анын трибунасынан конституциялык милдетин аткарбай, аткаруу бийлиги менен президенттин ишине киришип атат деп кескин сынга алган:
-Аткаруу бийлиги менен президентке конфронтациялык маанайдагы азыркы спикер колдоого алган парламенттин өтө чакан бөлүгүнүн позициясы мага түшүнүксүз бойдон калууда. Бул Конституциялык кеңешмени толук даяр боло электе шашылыш чакыруу, президенттик шайлоону жылдыруу, башкаруу формасын шашылыш алмаштыруу өңдүү идеялар айтылган алгачкы күндөрдөн эле башталган.
Мындай кырдаалдын түзүлүшүн өлкөдөгү кыйла талдоочулар эки лидердин саясий айдыңдагы идеялык жактан келишпестиги менен байланыштырып жатышат. Алардын бири, легендарлуу парламенттин депутаты Мамат Айбалаев бул эки саясатчынын пикир келишпестигин мындан мурдагы парламенттик шайлоо учуруна байланыштырат. Бирок, Текебаев бул жолу сөздөн жаңылганы үчүн эле кетип атат дейт:
- Аша чаап жибербедиби. Биздин өлкөдө экинчи адам да. Ошондой кызматта туруп анан жанагындай сөз айткан туура эмес болуп калды да.
Легендарлуу парламенттин дагы бир депутаты Бегиш Ааматовдун оюнда эки лидердин ортосундагы кыжы-кужунун пайда болушуна март окуясынан кийинки тандем камтыган убадалардын аткарылбай калгандыгы себепкер. Алардын ичинде мамлекеттик башкаруу формасына байланышкан маселе да олуттуу:
- Текебаевдер, бир топ депутаттар парламенттик республика кылабыз деп чыгышты. Тандемдин шартында ушуга барабыз деп кол коюп беришкен экен. Аны да кылышкан жок. Кайра президенттик мамлекет кылабыз деп атышат. Ошондон кыжы-кужу көбөйүп, бири-бирине ашыкча сүйлөп алды өңдөнөт.
«Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абрасулова парламентти президентке жана аткаруу бийлигине ачык сын айткан бирден бир бийлик бутагы катары санайт жана анын жетекчилигинин кызматтан кетишин шарттаган өбөлгөлөрдүн бири да ушу дейт. Ага жараша Текебаев өз каалоосу менен кызматтан кетип жатат деген көз карашка караганда, кызматтан кетиришти дегенге укук коргоочу көбүрөөк ыктап турат:
- Себеби, буга мисал катары баш прокурордун Жогорку Кеңешке келип тандагыла: же Текебаев кетет же парламент толугу менен кетесиңер деп кыйыткан опузасы, экинчи жактан Текебаевди Жогорку Кеңештин өкүлү, спикер катары Коопсуздук кеңешине барганда аны жабыла кууп чыкканга, кеткенге мажбур кылганы болуп турат.
Анткен менен, Текебаев кызматтан өз каалоосу менен кетип жаткандыгын баяндамасында баса көрсөтүп, кылган иши, айткан сөзү, кетирген катасы үчүн жооп берүүгө ар бир саясатчы милдеттүү экенин далилдеп, сабак көрсөткүсү келерин билдирген. Бирок, саясатчы Бегиш Ааматов Текебаевдин кызматтан кетиши саясий айдыңда кимдир-бирөөнө сабак болот деп ойлобойт:
- Кызмат дегенди атасынан-энесинен деле жакшы көрүшөт экен, кызмат дегенде уят-ариет дегенди, эч нерсени сыйлабайт экен. Биздикилердин табияты ушундай
Бул аралыкта Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетиши айныксыз деп санаган саясий чөйрө көшөгө артында келерки төрага ким болот деген маселени талкуулап жатат. Саясатчылар арасында төраганын кетиши парламентте кризис жаратат дегенге караганда, парламент өзүн өзү сактап калуу камын көрө баштады деген көз караш көбүрөөк айтылууда. Акыркылардан болуп, парламентте эч кандай кризис болбой тургандыгы тууралуу өзүнүн ишенимин Өмүрбек Текебаевдин саясий санаалашы катары саналып келаткан премьер-министр Феликс Кулов 14-февралда айтты.