“Комсомольская правданын” редакциясында өрт чыкты

Москвада “Комсомольская правда” гезитинин редакциясында чыккан өрт өчүрүлдү. Бирок гезиттин баш-редактору Владимир Сунгоркиндин айтымында, фото-бөлүм, аппаратуралар жана, эң башкысы, басылманын архиви толук күйүп жок болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт электр-энергиясынын зымдарынан чыккан болушу мүмкүн.