Бүгүн Иракта Саддам Хусейнге каршы сот иши кайра башталышы керек. Соңку эки жыйынга Саддам Хусейн жана аны менен айыпталгандар келбей коюшкан. Экс-диктатордун сотундагы прокурор Джаафар Моуссавинин айтымында, эгерде Саддам бүгүн да сотко келбей койсо, аны күч менен алып келүүгө туура келет.