Орловкадагы кырдаал боюнча атайын комиссия иштеши керек

БИШКЕК. Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясы премьер- министр Феликс Куловго жана парламентке кайрылуу жолдоду. Анда Кемин районуна караштуу Орловка айылындагы кырдаалга тынчсыздануу айтылган. Ассоциациянын жетекчиси Токтайым Үмөталиеванын айтымында, Орловкадагы тоо-кен комбинатында иштетилген уулу заттардын калдыктары көмүлгөн жайды жергиликтүү калк казып, экологиялык кырсык коркунучун пайда кылды. Ал жерде пайда табууну көздөгөн адамдар 7 жаштан 60 жашка чейинки жергиликтүү тургундарга акыр-чикир көмүлгөн жайды каздыртып, кремнийдин калдыктарын жана башка металлдарды арзан баада сатып алышып Бишкекке жөнөтүп жатышат. Кайрылууда тезарада атайын комиссия түзүп, ушундай кылмыштуу ишке жол берген адамдарды жазалоо өтүнүчү айтылган.