ТООЛУУ КАРАБАХ ЧАТАГЫН ЖӨНГӨ САЛУУ АРАКЕТИНЕН МАЙНАП ЧЫПАДЫ

Тоолуу Карабах чатагын жөндөө боюнча Азербайжан жана Армения ортосунда өткөн сүйлөшүү ийгиликсиз бүттү. 11-февралда Париждин ныптасындагы Рамбулэ сепил-сарайында аяктаган эки күндүк сүйлөшүүдөн кийин президенттер Илхам Алиев жана Роберт Кочарьян эч кандай билдирүү жасашпады. Бирок, сүйлөшүүгө арачылык кылган Минск тобу жасаган билдирүүгө караганда, талкуу өтө ургаалдуу болгонуна карабай, айрым талуу маселелер боюнча эки тарап акыркы айлардагы көз караштарын өзгөрткөн эмес.
Рамбулэ сепил-сарайындагы сүйлөшүүгө чейин Армения менен Азербайжан дипломаттары бир нече ай жылбай отурушуп, армян аскерлерин Азербайжанга таандык жерлерден чыгарып кетүү, тынчтык аскерлерин жайгаштыруу шарты жана Азербайжандын амирин тааныбай жаткан Тоолуу Карабахтын болочок макамы боюнча келишимдин негизги жоболорун иштеп чыкканга аракет жасашты. 10-февралда Алиев жана Кочарян менен Франциянын президенти Жак Ширак жекеме-жеке сүйдөштү.

Бирок, Минск тобу ишемби күнү билдиргендей, эки президенттин талкуусу “өтө ургаалдуу болгонуна карабай, айрым талаш маселелер боюнча эки тарап акыркы айлардагы көз караштарында” кала беришти.
- Түрдүү маселелер кеңири талкууланды. Менин оюмча, эки президент жакшы маанайда болушту жана талкуу эки тарап бир нече айдан бери карманган көз карашына олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келген жок,- деди сүйлөшүүнүн америкалык теңтөрагасы Стивен Манн саммиттен кийин “Азаттык” радиосуна.


Стивен Манндын сөзүнчө, ал жана Минск тобунун калган теңтөрагалары франциялык Бернар Фасииея жана россиялык Юрий Мерзляков мартта Вашингтондо кездешип, Рамбулэде өткөн сүйлөшүүгө өз бааларын беришет.

Минск тобу Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун мандаты менен түзүлгөн жана 12 жылдан бери чатакты жөндөө аракетинде.
Тоолуу Карабах чатагы мурдакы Советтер Союзунан калган мурас. Азербайжандын түштүк батышындагы тоолуу чөлкөм 1994-жылы уруш токтогондон бери Армениянын таман астында. Куралдуу калабада кеминде 25 миң адамдын каны төгүлгөн. Миллион ашык адам там-жайын таштап, бозуп кеткен.
Ырасмий Ереван Тоолуу Карабахтын армян калкына өз келечегин референдум өткөрүп аныктоого мүмкүндүк берүүнү талап кылууда. Ал эми Азербайжан болсо, чөлкөмдү өзүнүн ажырагыс бөлүгү санайт. Ушул маселелерде мунаса болмоюнча, “Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазышынча, сүйлөшүү туңгуюктан чыкпайт.
Арачылар келерки эки-үч жылда не Азербайжанда, не Арменияда жалпы элди шайлоо болбогондуктан, 2006-жыл Тоолуу Карабах талашын жөндөө үчүн өтө ыңгайлуу жыл деп эсептешет.