Орус президенти ХАМАСтын жетекчилерин Маскөөгө чакыра турганын билдирди

Испанияда мамлекеттик сапар менен жүргөн орус президенти Владимир Путин кечээ күнү Мадрид шаарынан сүйлөп, Палестинадагы парламенттик шайлоодо жеңип чыккан ХАМАС уюмунун жетекчилери жакын арада Маскөөгө чакырылат деп билдирди: "Палестина элинин тандоосун сыйласак. Израил мамлекетинин, Палестина автономиясынын жетекчилигине келген саясий күчтөрдүн жана бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун кызыкчылыгына туура келген чечим издеш керек. ХАМАС менен байланышыбыз бар болгондуктан биз алардын жетекчилерин жакында Маскөөгө чакырып, ошондой чечим табуу аракеттерин көрөбүз", - деди Путин. Уюмдун жетекчилиги бул кабарды ыраазылык менен кабыл алды, АКШнын мамлекеттик катчылыгы болсо Маскөөдөн түшүндүрмө сурады. Вашингтондун айтымында, ХАМАС алгач Израил мамлекетин таанып, курал колдонуу аракеттеринен баш тартууга тийиш. АКШ жана бир топ башка мамлекет ХАМАСты террордук уюм деп эсептейт.