Куш ылаңы Африкага да жетти

Африканын Нигерия мамлекетинде куш ылаңы катталды, бул жаңы оору буга чейин Африкага тийген эмес. Оору - өлкөнүн төрт канатуулар фермасында чыкты. Бул ылаңга азырынча даба табыла элек жана 1997-жылдан бери Азия мамлекеттеринде андан 88 адам каза тапты.