Кыргызстандын күч структуралары реформаланат

БИШКЕК. 9-февралда болгон Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү күч структураларын реформалоо боюнча Концепцияны иштеп чыгуу жөнүндө чечимге келди. Мамлекет башчы өлкөдөгү ири кылмыштарды иликтөөчү оперативдүү-тергөө тобун түзүү жөнүндө буга чейин Жогорку Кеңеш тарабынан айтылган демилгени да колдоорун айтты.