БАЗАР КОРГОНДО ТЕКЕБАЕВДИН ТАЛАМДАШТАРЫ МЕНЕН КАРШЫЛАШТАРЫ ЖААТТАШЫП МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ

Ырыспай Абдраимов, Бишкек Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетүүсүн жана парламентти таркатууну талап кылып миңдей адам катышкан нааразылык акциясы бүгүн Базаркоргон районунда болуп өттү. Бир эле учурда парламент спикеринин таламын талашкан кырктай адам өзүнчө митинг өткөрүп, Текебаевди каралоо акциялары атайын уюштурулуп жатат деп айыптап чыгышты.
Райондун борборунда болгон митингдин алдында «Текебаев, эл сени сотко берет! Текебаев эл алдында жооп бер! Сага парламенттен орун жок! Өмүрбек Текебаев-спикерликке татыксыз, Бакиевдин саясатын колдойбуз!» деген бир нече тасмалар турду. Митингди уюштуруучулардын төрайымы Аптоокан Борончиева парламенттин таркатууну жана спикер Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылды:

- Подвалда жаткан жетим балдарды, уурулуктан түрмөгө түшүп аткан балдарды колдосун. Ошол жаш, наристе балдардын колдоосу менен Текебаев ушул даражага жеткен. Бир эмес үч жолу депутат кылып шайладык, элди, журтту, карыган ата-энесин сыйласын. Айланайын иним, элди, журтту бөлбөгүң. Парламент таркасын. Текебаев отставкага кетсин.

Чыгып сүйлөгөндөр парламент өз милдетин аткарбай, саясий оюндарга көп азгырылып жатканын белгилешти.

- Парламентте отуруп алып саясат менен гана жүрүш керек эле. Менин айтайын деген сөзүм, Текебаев, Мелис Эшимкановго парламентте орун жок,-деп айтты Жаныш Кочкорбаев аттуу тургун.


- Парламенттин иши бир жылда кырк гана документ чыгарыптыр. Булар саясатка өтүп алды. Эл менен иши жок, ошон үчүн Текебаев баш болуп парламент таркатылсын,- деди митингге келген ардагер Капар Арапов.

Чыгып сүйлөгөндөр бийликтин иштөөсүнө депутаттар мүмкүнчүлүк бербей жаткандыгын белгилешти. Трибунага чыккан «Ата мекен» партиясынын өкүлү Сеит Кадырбековго сөз тийген жок. Ал Өмүрбек Текебаев айткан сындан президент Бакиев туура жыйынтык чыгарса, ишке өбөлгө болорун айтмакчы болгон:

- Текебаевди 70 пайыз эл шайлаган. Кечеки Текебаевдин Бакиевге айтканы бул сын, сынды дайыма туура кабыл алыш керек. Ал эми президент сынды туура кабыл алса мындан ары иши жакшы болуп кетет.

Кадырбековдун партиялашы Маматкасым Нураев акциянын бир жактуулугуна капа болду:

- Бизге сүйлөгөнгө уруксат бербей атат. бул жердеги адамдар уюшулуп келген. Биз сүйлөйлү десек бизге микрофон бербей койду.

Жаатташкан тараптар өз ара микрофон талашып, чырдаша да кетишти.
Базар Коргон районунун тургуну Алманбет Арзиев депутаттын жактоочуларынын жосуну туура эмес деп айыптады:

- Тынчтык митингисин уюштурганбыз Базаркоргон калкы. Бирок Текебаевдин адамдары келип туура эмес кылып, тынчтык митингди бузуп атат. Мен Текебаевге нааразымын, себеби партиясындагы мүчөлөрү келип бизге каршылык көрсөтүп атат. Бул туура эмес, азыркы шартка туура келбейт. Анткени, элдин тынчтыгын бузуп атабыз.

Спикерди жактаган 39 киши сөз тийбегендиктен өздөрүнчө бөлүнүп митинг өткөрүштү. Алар бийликтин саясий-экономикалык багытын сындап сүйлөштү. Алар Жогорку Кеңеш жана Өмүрбек Текебаевди каралоо үчүн бир жактуу уюштурулган саясий акцияларды айыпташты.