АКШ Ооганстандын карызын кече турганын билдирди

АКШ өкмөтү кечээ күнү Вашингтон шаарынан билдиргенге караганда, Ооганстандын Америкага болгон 108 миллион доллар карызы кечирилет. Мамлекеттик катчылыктын өкүлү Шон Маккормактын айтымында, карызды кечүү - Париж клубуна кирген мамлекеттердин жыйынында жасалат. Ошондой эле кадамга Алмания менен Орусия да бара турганы жөнүндө айтылууда.