Искра айылында кырдаал турукташууда

БИШКЕК. Чүй районунун Искра айылында кырдаал туруктуу ордуна келгенин Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Искра айылында 5-6-февралда баш-аламандык орун алып, кыргыз-дунган элдеринин ортосунда чыр-чатак чыккан. Анда жыйырмадан ашуун үйдүн терезелери сынып, 2 жеңил автоунаа өрттөлгөн. Ички иштер министрлиги бул окуялар боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө. Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара аскерлери кыргыз-казак чек арасында көзөмөлдү күчөтүшкөн.