Иранга карата жаңы радио ачуу сунушу айтылууда

Америкалык сенатор Ричард Лугар кечээ күнү Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин жыйынында чыгып сүйлөп, Иран элине карата кошумча үналгы программаларын уюштуруш керек деп билдирди: "Айрым байланыштардан пайда чыгышы мүмкүн, мисал үчүн демократия орнотууну көздөгөн долбоорлор пайдалуу болот. Дүйнө коомчулугунун Иран боюнча пикирин чагылдырган уктуруулар уюштурулса жана аны Иран эли укса, кызматташуу кеңейиши мүмкүн", - деди сенатор Лугар. Анын айтымында, АКШ азыр Иранга каршы аскерий чабуул даярдап жатат деген кабарлар негизсиз.