Израилдин айтымында, Ирак согушу ага зыян тийгизди

Израилдин "10-канал" деп аталган жеке менчик сыналгысы кечээ күнү кабарлаганга караганда, 2003-жылы Иракка каршы АКШ баштаган согуш Израилдин улуттук кызыкчылыктарына зыян тийгизди. Өлкөнүн ички коопсуздук агенттигинин жетекчиси Ювал Дискиндин айтымында, согуштун айынан Иракта хаос башталды жана андан Израилдин коопсуздугу начарлады.