Ф. Кулов кылмыштуулук кутуруп жатканда унчукпай карап тура албайт

БИШКЕК. Премьер-министр Феликс Кулов 6-февралда президент Курманбек Бакиевге кат берди. Анда өкмөт башчы өзү 26- январда жасаган билдирүүсү мамлекет башчынын абройуна шек келтирүү же өзүм билемдик эмес деп билдирет. “Жогорку Кеңештеги сүйлөгөн сөзүңүздү даярдаган адамдар менин билдирүүм тууралуу туура эмес багыт беришкен” деп жазылат ал катта. Премьер-министрдин пикиринде, бийликтин криминалдашышы тууралуу чет өлкөлүк дипломаттар, коомдук уюмдар, саясий партиялар жана карапайым адамдар да айтып жатышат. Өкмөт башчы айрым мамлекеттик кызматкерлердин жашыруун мамилесин пайдаланып, криминалдык чөйрөлөр бийликке кирип келгенге аракет жасашууда деп дагы бир жолу белгилейт. Премьер- министр өлкөдө болуп жаткан окуяларды унчукпай карап тура албасын жазган катынын соңунда.