Р. Акматбаев депутаттык шайлоого катышуу үчүн арыз берди

БИШКЕК. Балыкчы округдук шайлоо комиссиясына 28- январда Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер катары катталуу боюнча Рыспек Акматбаев арыз жазды. Балыкчы, Кадамжай, Куршаб округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү 27- январда башталган, 27- февралга чейин болот. Талапкерлерди каттоо 14- мартта аяктайт. Аталган округдар боюнча парламенттик шайлоо 9- апрелге белгиленген.