Жекшембиде, 5-февралда Искра айылында дунган жана кыргыз улутундагы адамдардын ортосунда чыр-чатак ырбап, ок атылып, үй-жайлар таш бараңга алынып, өрт коюлуп, улут аралык чоң кагылышуу чыгып кете жаздады. Чатакты басууга милиция күчтөрү жиберилип, граната,тапанча менен куралданган төрт дунган кармалды. Айылдын жашоочулары балдары зөөкүрлүк кылып тажатты деп дунган үй-бүлөнүн алты адамынын айылдан көчүп кетишин талап кылышууда. Эки күндөн бери бул жакта болуп жаткан чыр-чатактарды тынчытуу максатында жергиликтүү калктын, бийликтин, коомдук уюмдардын өкүлдөрү өз ара сүйлөшүү жүргүздү.
Искра айылында Айнаев Харки аттуу дунган улутундагы адамдын балдары кыргыздардын балдарын сабап койгондугуна нааразы болуп жергиликтүү эл алардын айылдан көчүп чыгып кетишин талап кылышкан.
Ички иштер министринин маалымат кызмат башчысы Нурдин Жангараевдин айтымында 5-февралдагы жыйында жергиликтүү бийликтин, дунгандар ассоциациясы баштаган коомдук уюмдардын өкүлдөрү айылдыктардын талабын аткарууга убакыт берүүнү суранышкан.
Бирок, чогулган көпчүлүк кулак салбай, балдары зөөкүр деп айыпталып жаткан үй-бүлөлөрдүн үй-жайын жаалданган адамдар таш бараңга алышкан. Айрым сарай, жем сактоочу жай сыяктуу жайларда өрт чыккан.
Каршылашуу күчөп, дунган жигиттери отурган Фольсфаген үлгүсүндөгү жеңил автоунаадан ок атылып, октун бири жергиликтүү тургундун жылкысына тийген.
Автоунааны кармаган учурда андагы дунган улутундагы төрт адамдын жанынан РГД-5 үлгүсүндөгү бир граната, автоунаадан ыргытылып жиберилген дагы эки граната, Байкал үлгүсүндөгү тапанча жети огу менен табылган. Алар милиция тарабынан убактылуу камакка алынышты.
Азыркы учурда расмий тараптардын маалыматтарына караганда Искра айылында жагдай тынчыды. Милиция кызматы айылга күчөтүлгөн тартипте байкоо жүргүзүп жатат.
Чүй районундагы Искра айылынын калкынын басымдуу бөлүгү - дунган улутундагылар. Айрым булактарга караганда, бул айылда 1400дөн ашык дунган жашайт.