Польша менен Украинада жүздөгөн адам сууктан тоңуп өлдү

Польша полициясынын айтымында, акыркы күндөрдө өлкөдө өтө суук болгондуктан, көчөдө калган 230 адам суукка тоңуп өлдү. Өткөн жылы Польшада 120 адам сууктан каза болгон. Ал эми кошуна Украинанын Саламаттык сактоо министрлигинин айтымында, быйыл өлкөдө сууктан өлгөндөрдүн саны беш жүз элүүдөн ашты.