Мамлекет башчы чиновниктерди тазалык орнотууга чакырды

БИШКЕК. Жекшембиде Президент Курманбек Бакиев бардык губернаторлорду, акимдерди жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн өз аймагында тазалык орнотууга чакырды. Мамлекет башчынын айтымында, тазалык орнотуу үчүн чоң деле каражаттын кереги жок. Ал бул пикирин жекшембиде Бишкектин чет жакасына арчаларды орнотууга катышып жатып билдирди. Бишкек шаарынын мэри Арстанбек Ногоевдин айтымында, арчаларды тигүү иштери айлананы коргоо жана токой чарбасы агенттиги менен бирдикте өткөрүлүп жатат. Ага премьер- министр Феликс Кулов, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев да катышты.