Февраль айынын орто ченинде Кыргызстанга Эл аралык валюта корунун кезектеги миссиясы келет

Премьер-министр Феликс Куловдун маалымдоосуна караганда, кордун миссиясы учурунда пенсияга чыгуу жашын төмөндөтүү, электр энергиясына тариф маселеси да талкууланмакчы. Белгилей кетүүчү нерсе, валюта корунун кезектеги миссиясын жаңы өкүл жетектеп келет. Анткени миссиянын мурунку башчсысы Тапио Саавалайнендин Кыргызстан менен иштөө мөөнөтү өткөн жылы соңуна чыккан.