Иран маселеси МАГАТЭде жабык жыйында каралып жатат

Бириккен Улуттар уюмунун Атомдук энергия боюнча эларалык агенттиги (МАГАТЭ) бүгүн да Ирандын өзөктүк программасы боюнча талкууну улантат. МАГАТЭнин башчысы Мухаммед Эл-Барадей “Иран өзөктүк программасы боюнча суроодо эларалык коомчулуктун ишенимине киргенге дале мүмкүнчүлүгү бар” экенин билдирди.

- Бул аябай оор мезгил, бирок кризистик абал эмес. Азыр Иран үчүн тезирээк эларалык коомчулуктун ишенимине кайра кирүү зарыл, - деди МАГАТЭнин башчысы Мухаммел эл-Барадей.

Анын ишениминде, чатакты чечүүнүн жалгыз натыйжалуу жолу – бул дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү өткөрүү.
Тегеран, өз кезегинде, эгер иш Коопсуздук Кеңешинде каралып, ага каршы санкциялар киргизилсе, анда Иран МАГАТЭ менен такыр эле иштешпей кое турганын, уранды байытууну кайра баштаарын эскертти.