Электр энергиясын экспорттоо кыскарды

2005-жылы Кыргызстан Казакстанга 1.5 миллиард килловат саат электр энергиясын экспорттогон. Ал эми экспорттун жалпы көлөмү 2 миллиард 600 миллион килловат саатка жеткен. Бул 2004-жылга салыштырмалуу 600 миллион килловат саатка аз. Бул тууралуу «Электр станциялар» акционердик коомунун башчысы Сапарбек Балкыбеков билдирди. Анын сөзүнө караганда, Россияга электр энергиясын экспорттоо кыскарып, ал жалпы экспорттун көлөмүнө таасирин тийгизген. Жалпысынан Кыргызстан 2005-жылы 14 миллиард 700 миллион килловат саат электр энергиясын өндүргөн. Бул 2004-жылдын деңгээлиндеги көрсөткүч.