Советтер Союзундагы цензура жөнүндө китеп чыкты

“Материк” деген москвалык басылманын бул китеби “Чоң цензура: Советтер мамлекетиндеги жазуучулар менен журналисттер” деп аталат. Анда 1917-жылдан тарта 1956-жылга чейинки мезгил ичинде басылмалардын баардык түрүнө жана адабиятка жүргүзүлгөн катуу көзөмөлдүн жүрүш практикасы жөнүндө кеп болот.