Ирактын борбору Багдад шаарында бүгүн бир жан кечти өзүн өзү жарып жибергенден кеминде сегиз адам набыт кетти жана дагы отуздай киши жараат алды. Жарылуу - жумуш издеп чогулган адамдардын арасында болгон. Андан тышкары, америкалык аскерлер канадалык дипломаттар келаткан машинелерге каршы ок атканы тууралуу да айтылууда. Аскерлердин айтымында, дипломаттар аларга берилген белгиге баш ийип токтогон эмес.