Лондон шаарында Ооганстан боюнча конференция болуп өттү

Лондон шаарында бүгүн Ооганстанга жардам көрсөтүү боюнча эл аралык конференция улантылды. Британиянын тышкы иштер министри Жек Стронун айтымында, конференцияда көптөгөн маселе каралууда: "Конференцияда - өлкөдөгү бийликти күчөтүү, мыйзамдуулукту орнотуу, адам укуктарын коргоо жана социалдык менен экономикалык маселелер каралат. Абдан көп маселе көтөрүлгөнү - эл аралык коомчулук Ооганстанга жардам көрсүтүүгө дайым даяр экенин көрсөтөт", - деди Стро. АКШ менен Британия Ооганстанга эки миллиард доллар жаңы жардам көрсөтүүгө убада берди, алтымышка жакын мамлекет бөлүп жаткан жардамдын жалпы көлөмү беш миллиард долларга жетиши мүмкүн.