Эки миллион сомдун чырына байланыштуу Мукеев кызматтан четтетилди

БИШКЕК. Кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу Жазаларды аткаруу башкармалыгынын жетекчиси Капар Мукеев 31-январда өкмөт башчысынын буйругу менен убактылуу кызматтан четтетилди. Бул тууралуу адилет министри Марат Кайыпов 1-февралда “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Жаза аткаруу башкармалыгы түрмөлөрдүн айланасын тосуу максатында бир килограммы 55 сомдук тикенек зымдын килограммын 115 сомдон сатып алуу боюнча белгисиз фирма менен келишим түзүп, жыйынтыгында 2 млн. сомдун изи сууган.

Капар Мукеев өз кезегинде коррупцияга каршы күрөш баштаганы айрым чиновниктерге жакпай спецпрокуратура кылмыш ишин козгогондугун “Азаттыкка” билдирди.

-Ачыгын айтканда спецпрокуратурадагы Табирисов деле айтып атпайбы, “бизге команда өйдө жактан болду, Мукеевди өз ордуна коюп коюш керек ” деп. Бул жерде финансылык пирамида “левый” фирманы Адилет министрлиги 3 миң сомго ачып берип атат. Минфин акча таап берип атат. Казначейство дагы. Аларды эмнеге текшербей туруп, анан күнөөлү ГУИН болуп калышы керек. Мен финансисттерге айткам, сураган проценттерин бербейм деп.