КЫРГЫЗСТАНДЫК ЗЫЯРАТЧЫЛАР ТҮРКМӨН ЖЕРИНЕН ӨТӨ АЛБАЙ ТУРУШАТ

Мекеден ажылык сапардан кайткан кыргызстандык үч миңден ашуун зыяратчылар Түркмөнстандын чек арасынан өтө албай турушат. Аларга жол ачып берүү жөнүндө кыргыз бийликтери түркмөн өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маселени чече баштады. Бул жөнүндө “Азатыкка” Иран Ислам Республикасындагы Кыргызстандын элчисинин орун басары Акыл Кылычев билдирди.
- Кыргызстандык ажылар Иран менен Түркмөнстандын чегарасында Кыргызстанга кайта албай турушат деген маалыматтар айтылып атат интернетте, ушул боюнча тактап кетсеңиз, эмне болуп атышат?

- Бул маалыматты төгүнгө чыгарбайбыз, анткени куш тумоосуна байланыштуу Россия мамлекети Түркия менен чектешкен аймактарындагы чегарасын жабууга мажбур болгон. Ажылык зыяратын аткарып мекенин көздөй сапар тартышкан кыргыз жарандары аргасыздан мурдатан тандалып алынган жолун өзгөртүп, Ирандын Харасан провинциясы аркылуу Түркмөнстанга өтүп, мекендерине жетүү максатында түркмөндөргө чектеш Мешет шаарана келип токтошкон.

- Кыскасы, абал ажылар үчүн бир топ эле татаал болуп калган экен да? Бул кимдин иштелбеген иши деп ойлойсуздар?

- Албетте, бул биздин ажылар үчүн жакшы шарт эмес. Бул тууралуу элчилик мурда дагы тиешелүү органдарга кат жөнөткөн: ажылык учурунда ажыларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгүлө, ажылык аба жолу аркылуу эле жүргүзүлсө жакшы болот эле деп. Анткени түркмөндөрдүн чегара жабуусу быйыл эле боло калган жок, бул бир нече жылдардан бери келаткан нерсе. Бирок, маселе чечилип келген. Быйылкы жылы чындыгында маселе түркмөн тараптар аркылуу оор. Алар чегарасын ачпай жатышат. Болгону 500гө жакын адамга лимит берген экен. 500 адам өткөндөн кийин калганын өткөрүүдөн баш тартышкан. Ошого байланыштуу түркмөндөрдөн көз каранды болбоо үчүн ажы 2006-сапарын уюштуруучулар Өзбекстан, Казакстан, Орусия, тактап айтканда Дагестан аймагы менен, Азербайжан, Иран, Түркия, Сирия, Иордания аймактары аркылуу Мекеге 8 миң 199 км. болгон узак жана татаал жолду тандап алышкан.

- Акыл мырза, айтсаңыз ушундай абалдан чыгыш үчүн Кыргызстандын Ирандагы элчилиги кандай иштерди жүргүзүп жатасыздар?

- Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы элчилиги кыргыз ажыларын мүмкүн болушунча ылдамырак мекенине жөнөтүү аракетин көрүүдөбүз.

- АКИ-пресс жазып атат, Түркмөнстан кыргызстандыктарга өзүнүн аймагы аркылуу өткөнгө уруксат берди деп?

- Бул чындык. Кечке маал Түркмөнстандын элчилиги аркылуу бизге кабар жетти. Биз кайра-кайра аларга уруксат берсеңер, биз туюк абалда калдык деп нота жазып аттык. Алар да айтты, бизге кабар беришти. Ажылардын тизмесин тактап, паспортору менен берсек жардам бергенге аракет кыларын билдиришти, буюрса маселе чечилип атат.

- Акыл мырза, алар кайда жашап атышат, эмне тамак ичип атышат, кайсы жерде түнөп атышат?

- Учурда Иран аймагында убактылуу турушкан кыргыз ажыларына элчилик аркылуу фонддорго кайрылып, аларга ысык тамак берүү маселесин чечүү аракетин көрүп жатабыз. Элчилик өзүнүн колунан келген жардамдарын берип, алардын ден-соолунун бекем болушуна, курсактарынын ачпашына жана аларды тамак менен камсыз кылуу үчүн бир катар иштерди жүргүздүк. Учурда Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы элчилигинин Мешкет шаарындагы консулдук пунктунун кызматкерлери биздин ажылар турган мечиттерге жана алар жайгашкан убактылуу мехман сарайларга барышып, ошол жерден аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алардын ыңгайлуу шартта болуусуна көмөк көрсөтүшүүдө.

- Кыргызстанга алар эми кайсы жол менен, кантип келишет?

- Азыркы учурда бул маселе Түркмөн тарабы менен иштелип жатат. Эгерде түркмөн тарап жол бербей турган болсо Кыргыз Республикасынын Орусия мамлекетиндеги элчилиги дагы бул ишти жүргүзүп жатат. Анда мурунку Иран Республикасына кирген чегара аркылуу кайра келген жолу менен артка Кыргызстанга кетүү маршруттары такталууда.

- Ал кандай маршрут ошону санап өтсөңүз?

- Бул мен башында айтып өткөн эле Мекеге барган Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Дагестан аймагы, Азербайжан аймактары аркылуу мекендерине кайра кайтуучу жол.

- Ирандын аймагына келген ажылардын арасында ооругандар, же каза болгондор барбы?

- Албетте, бир топ жашка чыгып калган, улгайып калган адамдар барат эмеспи негизинен. Алардын арасында кыштын суугунда анча-мынча тумоолоп калгандары бар, элчилик аркылуу бардык көмөктөрдү берип, алардын ден-соолугунун зыян тартпашына болгон аракеттер жумшалууда. Өлгөндөрдүн арасында өзүңүздөргө белгилүү болгондой, жолдо келатып жашынын улгайып калгандыгына, ден-соолугунун начардыгына байланыштуу жолго чыккандардын арасында бир-эки адам каза болгон. Булар Ирандын аймагында болгон эмес, бирок ажылыкка баратканда Дагестан аймагында бир адам каза болгон. Иран Ислам Республикасындагы Кыргызстандын элчилиги ал кишини бардык жолдорун жасап самолет менен мекенине жөнөткөн, туугандары тосуп алышкан. Экинчи киши дагы Мешетте жашы улгайып калганына байланыштуу каза болгон, ал кишинин дагы сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлгөн.