Экономикага өткөн жылы инвестиция көбөйгөн

31-январда Каржы жана экономика министрлигинде кеңиртилген коллегия болуп, анда 2005-жылдын жыйынтыгы чыгарылды. Маалыматка караганда, өткөн жылы өлкөнүн ички дүң продуктысы Кумтөрдү кошпогондо 1.4% өскөн. Жылдын тогуз айында инвестициянын көлөмү 136 миллион доллардан ашкан, бул 2004-жылга салыштырмалуу 33% ашуун өсүштү билдирет. Биринчи вице-премьер-министр Медетбек Керимкуловдун катышуусунда өткөн коллегиянын соңунда министрликтин өткөн жылда аткарган иши канааттандырарлык деп табылды.