Мирослав Ниязов: «Кыргызстанда ыңкылап болбойт»

БИШКЕК. Кыргызстанда мындан ары эч кандай ыңкылап болбойт. Бул үчүн коопсуздукту камсыз кылууга жетиштүү каражаттар бар. Өлкөдөгү саясий абал калыбына келип баратат. Бул тууралуу Коопсуздук кенешинин катчысы Мирослав Ниязов 30-январда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 9-февралда өтө турган Коопсуздук кеңешинин жыйынында жер участокторун мыйзамсыз басып алуучулардын маселеси, өлкөдөгү криминалдык кырдаал талкууланып, укук коргоо органдарынын кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча отчету угулат. Мирослав Ниязов Коопсуздук кеңешинде Каракече маселеси да каралаарын кошумчалады.