БИШКЕК. Ишембиден жекшембиге караган түнү “Вечерний Бишкек” гезитинин редакциясы жайгашкан имаратты белгисиз бирөөлөр өрттөөгө аракет кылышты. Бул иш боюнча Свердлов райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Вечерний Бишкек” басма үйүнүн” директору Александр Ким “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ишембиде түнкү саат 22.15 минут өткөндө бир өспүрүм бала бензин куюлган конистрди алып, редакциянын короосуна киргенде күзөтчүлөр тарабынан кармалган. Тосмонун сыртында турган жоон топ жигиттер өспүрүмдү койо берүүнү буюруп, милицияга кабарласа атып салабыз деп коркутушкан. Ал ошондой эле бул акция атайын пландаштырылганын белгиледи.