КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: АЛТЫН ТУЗ САЛГЫЧ, ЖЭЙМС БОНДДУН МАШИНАСЫ...

Эски машина – жаңы инвестиция

АКШнын Феникс шаарында өткөрүлгөн аукциондо Жэймс Бонддун машинасы сатылды. 1965-жылы чыгарылган “Астон Мартин” маркасындагы автомобиль пулемет, май чачыраткыч, ок өткөрбөгөн айнек жана башка жабдыктар менен жабдылган. Машинанын номуру болсо автоматтуу түрдө алмашып турат.

Легендарлуу Шон Коннери же “007-Тыңчы Жэймс Бонд” жөнүндөгү эки фильмде минип жүргөн машина үчүн европалык бир коллекционер 2 миллион 90 миң доллар сунуш кылды.

1970-жылы автомашина биринчи ирет аукционго коюлуп, 9 миң долларга гана сатылган.

Албетте, анын мурдагы ээси машинанын 36 жылдан кийин ушундай киреше алып келгенине абдан кубанды!


Эркин болгуң келсе – арыкта!

Австралияда Роберт Коул аттуу кылмышкер түрмөдөн качып чыгуу үчүн бир нече аптанын ичинде 14 килограммга арыктаптыр. 36 жаштагы Коулдун салмагы түрмөгө отурганда 70 килограмм болчу, - дешет түрмөнүн кызматкерлери. Андан тышкары кылмышкер дубал менен темир тосмо ортосундагы боштукту белгисиз бир жабдыктын жардамы менен өзү баткандай кылып кеңейткен.

Эки жыл илгери сот Коул психикалык жактан соо эмес деп тапкан.

Полиция жергиликтүү элге кооптуу кылмышкердин жанында курал болушу мүмкүн деп эскертти.

Баса, Жаңы Түштүк Уэльс штатында соңку бир жумада 3 кылмышкер абактан качып чыкты.


Усама Бин Ладендин рекламасы жана америкалык тарыхчы

Өткөн аптадагы кайрылууларынын биринде “Ал-Кайиданын” ана башы америкалык анча белгилүү эмес тарыхчы Уильям Блюмдун “Оңолбос өлкө: дүйнөдөгү жападан жалгыз супердержава боюнча жол көрсөткүч” китеби жөнүндө сөз кылды эле, бир нече күндүн ичинде анын сатыгы кескин өстү.

Ага чейин Блюмдун АКШнын тышкы саясатын сындаган чыгармасы анча жакшы сатылбай келаткан.

Байкоочулар муну Усама Бин Ладендин кайрылуусуна түздөн түз байланыштуу деп санашат. Бин Ладен “Ал-Жазиира” каналына берген интервьюсунда: “Буш ушундай саясатын уланта берсе, “Оңолбос өлкө” деген китепти окуу пайдалуу болот”, - деген.

72 жаштагы тарыхчы бир кездери АКШнын тышкы саясатын жүзөгө ашырган министрликте - Мамлекеттик департаментте кызмат кылган экен. Бин Ладендин анын китебинен цитата колдонушу Блюмду өтө таң калтырды.


60 миллион долларлык туз салгыч

Австриянын полициясы 16-кылымда жасалган алтын туз салгычты тапты. Эксперттер аталган буюмду флоренциялык зергер Бенвенуто Челлини жасаганын аныкташты.

Идиш 2003-жылы Венадагы көркөм өнөр музейинен уурдалып кеткен. Музейдин адистери аны көркөм баалуулуугу жагынан Леонардо да Винчинин “Мона Лиза” сүрөтү менен салыштырса болот дешет. Алтын туз салгыч болжолу менен 1540-1543 –жылдардын аралыгында Франциянын падышасы Франциск Биринчинин заказы боюнча жасалган.