Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы премьер-министрдин айыптоолорун четке какты

БИШКЕК. Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Таштемир Айтбаев премьер-министр тарабынан ага карата айтылган айыптоолорду жалган сөз деп төгүнгө чыгарууда. « Мен өзүмдүн ар-намысымды коргошум керек, мени кылмыштуу дүйнө менен байланышта деген курулай айыптоолорду четке кагам»,- деп билдирди УКК жетекчиси.
Ал керек болсо премьер-министрдин өзүнө байланыштуу билген нерсеси көп экенин эскертип, кезеги келгенде айтчу жерде айтып коерун билдирип, парламенттегилердин канын кызытып койду.
Премьер-министр Ф. Кулов кечээ жар салган билдирүүсүндө өлкөдө бийлик менен уюшкан кылмыштуулук коюн колтук алышып кеткенин эскертип, бул үчүн Улуттук Коопсуздук кызматынын башчысы Таштемир Айтбаевди айыптаган болчу.