ХАМАС кыймылы Палестина парламентинде

Палестин парламентине болгон шайлоодо исламчыл ХАМАС тобу башкаруучу ФАТА партиясына аз гана жетпей калганын “эксит-пол” сурамжылоосу көрсөттү.
Bir Zeit университетинин маалымдашынча, ФАТАны шайлоочулардын 46 проценти, ХАМАСты-39 проценти колдогон.
Бул сурамжылоо туура чыкса, ФАТАга парламентте 63 орун, ХАМАСга 58 орун тийет.
ФАТАнын төрагасы, Палестин ажосу Махмуд Аббас Израил менен тынчтык сүйлөшүүсүн улантууга даяр экенин билдирди.