Иорданияда турган кыргызстандык зыяратчыларга Сауд Арабия уруксат берди

БИШКЕК. Сауд Арабиясынын визасы жок эле өз алдынча автобус менен Меккеге жөнөп, Иорданияда туруп калган 200 чакты кыргызстандык зыяратчыга Сауд арабиясы өз аймагына кирүүгө уруксат берди. Буга алардын ушунча келген соң эми Меккеге кирип умра же ажылык убакыттан тышкаркы зыяраттарды жасап кетели деген кайрылуулары себеп болгон. Бул тууралуу «Азаттыкка» 25-январда Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Мураталы ажы Жуманов билдирди. Быйыл Сауд Арабиясы Кыргызстанга беш миң гана зыяратчыга уруксат берген. Бирок ажыга барууну каалагандар жети миңге чейин жетип, эки миңдейи калып калган. Сауд Арабияга чейинки өлкөлөрдүн визасын алышкан алардын бир бөлүгү өз алдынча жолго чыгышкан.