Россия Иранды жактап, дипломаттык сүйлөшүүлөр зарыл деди

Тегерандын ядролук программасынын чатагы Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин алкагында дипломаттык жолдор менен чечилиш керек. Мындай билдирүүнү Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Игорь Иванов жана анын ирактык өнөгү-Али Ларижаны тарабынан кечээ куптанда Москвада жасашты.
Билдирүү Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Мехди Сафари жана Росатомдун башчысы Сергей Кириенконун сүйлөшүүсүнөн кийин жасалды.