Чет өлкөлөрдөн каржылык жардам алган бейөкмөт уюмдар текшерилет

БИШКЕК. Бул тууралуу 24-январда юстиция министри Марат Кайыпов билдирди. Мындай иш-чараны Юстиция министрлигинин алдындагы Каттоо Департаменти жүргүзмөкчү. Ал эми өлкөдөгү бейөкмөт уюмдар болсо, мындай чечимди демократиялык принциптерден артка чегинүү катары баалашууда.