Монголияда митинг өткөргөндөр президенттин кызматтан кетишин талап кылууда
Монголиянын борбору Улан-Батор шаарынын борбордук аянтында бүгүн бир жарым миңдей адам чогулуп, президент менен өкмөттү коррупцияланган деп күнөөлөп, алардын кызматтан чегинишин талап кылды. Монголиядагы каршылык митингдер 13-январдан бери уланууда.