Рыспек Акматбаев акталды

БИШКЕК. Бишкектин Биринчи Май соту бүгүн Рыспек Акматбаевди бардык айыптоолор боюнча актаган чечим чыгарды. Рыспек Акматбаев баштаган тогуз адам милиция полковниги Чыныбек Алиевди, жана дагы үч адамды өлтүргөн, кылмыштуу топ уюштуруп, мыйзамсыз курал сактаган деген шек менен айыпталып, көп айдан бери сотто суралып жаткан. Сот соңку жыйынында Рыспек Акматбаевдин киши өлтүрүү кылмыштарына катышы бар экендигин тергөө материалдары далилдебейт деп тапты. Мындан мурдагы сот жыйындарында прокурор дагы Рыспек Акматбаевге коюлган күнөөлөрдү колдоодон баш тарткан болчу.
Рыспек Акматбаев сот чечимин угуп чыккандан кийин инисинин ордуна парламентке депутаттык кызмат үчүн ат салышарын жарыя кылды. Рыспек Акматбаевдин иниси Тынычбек Акматбаев өткөн жылы парламентке депутат болуп шайланып, октябрь айында түрмөлөрдү кыдыруу маалында киши колдуу болуп кайтыш болгон.