РОЗА ОТУНБАЕВА«АСАБА» ПАРТИЯСЫН ЭЭРЧИТИП, БИЙЛИККЕ ОППОЗИЦИЯГА ӨТТҮ

Шайырбек Мукарамов, Бишкек Мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаева «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын тең төрайымдыгына шайланды. Ал мындан ары Азимбек Бекназаров менен бирге март ыңкылабынын максаттарын ишке ашыруу үчүн бийликке оппозицияга өткөнүн жарыялады.
- Биз ыңкылап учурунда элди жетектегенбиз. Биз ошол ыңкылап алдындагы максат милдеттер үчүн күрөшөбүз.Биз кандай оппозиция болобуз, ага силер калыс болгула,- деп билдирди Роза Отунбаева бүгүн Бишкекте маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.


Ошентип, Президент К. Бакиевке март ыңкылабына чейин саясий тилектеш, шериктеш болгон саясатчылар жыл айланбай кайра анын өзүнө оппозицияга чыга башташты. «Асаба» партиясынын теңтөрагасы Азимбек Бекназаровдун айтымында аларды азыркы бийликтин эл тилегине тескери кадр саясаты иренжитүүдө:

- «Асаба» партиясы жана «Кыргызстан» коомдук саясий кыймылына кирген партиялардын демилгеси менен өткөн 24-декабрдагы курултайдын чечимдерине президент Курманбек Бакиев тескерисинче иш жасады.Мисалы Садиевди, Түлеевди кызматка дайындады. Айдаралиевди губернатор кылып алпарып, мына тополоң болуп атат. Элдин үнүнө тескери саясатына өтө тынчсызданып, кайрылып жатабыз.

- Биз жаңы элита келсин деп жатабыз. Азыркы бийликте баягы эле тааныш өңдөр. Маселен, кыргыз радиосунда Байма Сутеновадан башка эч ким жокпу? Садиев бекеринен келип атабы? Бул атайылап жасалып жатат,- деп баса белгиледи Роза Отунбаева.

А. Бекназаровдун айтымында ыңкылаптагы саясатчылар К. Бакиев таптакыр оңолбой турган жолго түшүп алды деп ойлошпойт. Дагы деле болсо бийлик менен сүйлөшүү шанстары сакталып турат. Ошон үчүн ыңкылаптын бир жылдыгына чейин ыңкылаптын башында турган саясатчылар чогулуп, президентке өз сунуштары менен кирүү демилгесин көтөрүп жатышат:

- Силерге бир жашыруун сырды айтып койойун. Биз 18-майда ыңкылаптын башында тургандар, Бакиев баш болуп меморандумга кол койгонбуз. Ошондо президент болуп шайлангандан кийин 10 күн ичинде конституциялык реформаны жарыялайм деп даана жазылган. Бул аткарылган жок. Андан кийин биз 14 киши киргенибизде анда да айткан, жакында баштайбыз деп. 27-июлдагы курултайда дагы айткан. Эми айта берсе көп. Ошондуктан биз президентке кирип, ошол документтердин баарын көрсөтүп, ыңкылаптын бир жылдыгы жакындап жатат, айтылгандардын бирөө да аткарылган жок, аткар деп акыркы жолу сураналы деп жатабыз. Аткарылбаса элге чыгып, кечирим сурап, эмне үчүн аткарылбай жатканын түшүндүрүп коелу деп жатабыз.


Азимбек Бекназаровдун пикиринче ыңкылаптан кийин реформалар ишке ашкан жок. Ошол себептүү ал өзүн дагы эле Акаев доорунда жашап жүргөндөй сезет:

- Ыңкылап азыр да уланып жатат. Жер-жерлерде нааразылык митингдер бекеринен болуп жаткан жок. Бул – ыңкылаптын синдрому. Президент үнүбүздү угаар бекен, көнүл бураар бекен, революциялык реформаларды жасайт бекен деп жатышат. Маселен, мен азыр өзүмдү Акаев доорундагыдай эле сезем. Ошондой эле арттан аңдуулар… Буга чекит койуш керек. Же биротоло президент менен, же биротоло ыңкылаптын идеялары менен болуш керек.

«Асаба» партиясынын алдыдагы биринчи иш чарасы февраль айында кезексиз курултай өткөрүү болуп саналат. Эми тажрыйбалуу саясатчы менен катары толукталган партия элге чыгып, аброй-беделин көтөрүүнүн, ишеним упай топтоонун камын көрмөкчү.