Израилдин премьер-министри А. Шарон дале эсине келе элек

Дарыгерлердин сөзүнчө, Израилдин премьер-министри Ариель Шарондун абалы өзгөрүүсүз бойдон калууда.
77 жаштагы Шарон мээсине кан куюлуп, эки ирет операция болгон жана 18 күндөн бери эсине келбей, доктурлардын тили менен айтканда, кома абалында жатат.