Жарылуулардан улам Армения да газсыз калды.

Россиянын чукул кырдаалдар министрлиги жарылууну кырсык деп сыпаттаган эле. Бирок Россиянын түштүк аймагынын баш прокурору Интерфакс агенттигине жардыргыч заттар куурларга атайлап коюлган деп маалымдады. Саботаж факты боюнча кылмыш иши козголду.
Соңку кабарларга караганда, Азербайжан Грузияга табигый газ берип турууга макул болду.