Израил премьери эсине келе элек

Иерусалимдеги оорукананын дарыгерлери Шарондун оор, бирок туруктуу акыбалында өзгөрүү болгон жок деп билдиришти. 77 жаштагы жөөт премьери 4-январда инсультка кабылгандан бери ооруканада, анын кызмат милдетин вице-премьер Эхуд Ольмерт аткарууда.