Прокурор Р. Акматбаевге коюлган айыптоону колдоодон баш тартты

БИШКЕК. 19- январда Биринчи май районунун прокурору Султан Баратов Рыспек Акматбаевге жана дагы алты адамга тагылып жаткан айыптоолорду колдоодон баш тартты. Прокурордун айтымында, коюлган күнөөлөр тергөөнүн жүрүшүндө далилденген жок. Мамлекеттик айыптоочу калган эки адамды 3 жылга камакка алууну суранып, бирок Улуу Атамекендик согуштун жеңишинин 60 жылдыгынын урматына чыккан мунапыс боюнча актоону өтүндү. Бул тогуз адам милиция полковниги Чыныбек Алиевди, кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар Хаваджи Заурбековду, Нурлан Бердикеевди өлтүргөн, ал эми Дамир Тургунбаевдин өмүрүнө кол салган деп айыпталышууда. Биринчи май райондук сотунда 28- октябрда башталган бул сот жараянында 30га чукул күбөлөр суралды. Анын ичинде ички иштер боюнча мурдагы министр Кеңешбек Дүйшөбаев, министрдин мурдагы орун басары Расулберди Раимбердиев да көрсөтмө беришти. Бул иш боюнча 24- январда сот өкүм чыгараары күтүлүүдө.