Орусияга көчүп кеткендердин саны өсүүдө

БИШКЕК. 19- январда кыргыз өкмөтү Орусияга биротоло көчүп кетип аткандарга пенсия чегерүү жөнүндө токтом кабыл алды. Ага ылайык көчүп кеткендерге пенсиясы банктагы эсебине которулат же почта аркылуу жашаган дарегине жиберилип турат. Бул чечим 1992-жылы КМШ мамлекеттери кол койгон келишимге ылайык ишке ашырылууда.
Улуттук статистикалык комитет билдиргенге караганда, былтыр Кыргызстандан Орусияга 25 миң 500 адам көчүп кеткен. Бул деген 2004- жылга салыштырмалуу 9 миң адамга көп.